Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:33

Төрага Жумабеков: Парламентти таркатууга негиз жок


Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “парламент тарайт-тарабайт” деген сөздөр тууралуу пикирин билдирип, мунун артында азыркы депутаттарды атайын жаманатты кылууну көздөгөн саясатчылар турушу мүмкүн деген пикирин айтты.

Бүгүн журналисттер менен жолугушууда ал азыркы парламентти таратууга себеп жоктугун, эгер кайра шайлоо болсо курулай гана чыгымга алып келерин, парламентти таратуу керекпи же жокпу, аны мыйзам боюнча депутаттар өздөрү гана чече аларын белгиледи.

Ошол эле учурда спикер жаңы парламентке азыркыдан да мыкты, иштермандар келет деп эч ким кепилдик бере албастыгын кошумчалады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "учурдагы парламент мөөнөтүнөн мурун тарашы мүмкүн" деп жазып чыгышкан. Депутаттар бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн айтып келе жатышат. (AzK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG