Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Бразилияда сары безгектен улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында сары безгектин жайылышынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Декабрдан бери бул оорудан 15 киши каза болду. Алардын көбү штаттын баш калаасы Белу Оризонтинин тургундары.

Дартка каршы жапырт эмдөө түштүк штаттарда башталды. Рио, Сан-Паулу сыяктуу чоң шаарларда вакцина жетишсиз болуп жатат.

Коңшу Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте да миңдеген адамдар Бразилиядагы көчө карнавалына катышууну көздөп, эмдөөдөн өтө албай кезек күтүп жатканын Би-Би-Си маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сары безгек жайылган аймакка барардан 10 күн мурда эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылды.

Чиркей аркылуу жугуучу бул оорудан алгач эле адамдын дене табы көтөрүлүп, бели, мойну ооруйт. Табити начарлап, кусуп, ичи өтөт. Оору өтүшүп кетсе ичинен кансырап, бөйрөктөрү иштебей калат. Учурунда дарыланбагандар 10-14 күндүн ичинде өлүмгө дуушар болушу ыктымал.

Бразилиянын саламаттык сактоо министри Антонио Нарди февралда өтчү салттуу көчө карнавалына катыша турган бардык артисттер эмделгенин жарыялады. Бирок Сан-Паулуда жашаган 45 миллион калкка вакцина толук жете элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG