Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

2017-жылы БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн 50дөй өкүлү өлтүрүлгөн


Баяндамда Улуттар Уюмунун туусу коргонууда эч кандай жардам бербей калганы белгиленген.
Баяндамда Улуттар Уюмунун туусу коргонууда эч кандай жардам бербей калганы белгиленген.

2017-жылы Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн кеминде 56 өкүлү өлтүрүлгөн. Бул 1994-жылдан берки эң чоң көрсөткүч.

22-январда Улуттар Уюму жарыялаган баяндамага ылайык, 2013-жылдан бери 15 бейпилдик орнотуучу миссиясына кирген 135 аскер, полициячы жана уюмдун кызматкери өлтүрүлгөн.

Курмандыктардын көбү Малиде, Түштүк Суданда жана Борбордук Африка республикасында катталган.

Баяндамда Улуттар Уюмунун туусу коргонууда эч кандай жардам бербей калганы белгиленген.

Курмандыктардын көбөйүшүнөн улам БУУнун катчылыгы уюмдун коргонуу потенциалын жогорулата турган план иштеп чыккан. Анын биринчи бөлүгү 2018-жылдын соңуна чейин ишке ашырылары күтүлүүдө. Бул убакыт ичинде бейпилдик күчтөрүн даярдоо ыкмалары кайра каралаары маалым болду.

XS
SM
MD
LG