Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Бурятияда мектепке кол салууга шектүү окуучу камалды


Окуя болгон мектеп. 19-январда балта жана күйүүчү май куюлган шише көтөргөн окуучу мектепке кирип барып, жетинчи класстын окуучуларына кол салган.
Окуя болгон мектеп. 19-январда балта жана күйүүчү май куюлган шише көтөргөн окуучу мектепке кирип барып, жетинчи класстын окуучуларына кол салган.

Орусиянын Бурятия Республикасынын баш калаасы Улан-Удэ шаардык соту калаадагы №5 мектепке каршы чабуул боюнча шек саналып жаткан тогузунчу класстын окуучусун камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Ал 19-мартка чейин тергөө абагында болот. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттигине соттун басма сөз катчысы Александра Поплавская билдирди.

Өспүрүм "эки же андан көп адамдын өмүрүнө кал салууга аракет кылган" деп шек саналууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

19-январда балта жана күйүүчү май куюлган шише көтөргөн окуучу мектепке кирип барып, жетинчи класстын окуучуларына кол салган. Жабыркаган алты адам ооруканага жеткирилген. Алардын арасында мугалим да бар. Эки секелектин абалы оор экени кабарланууда. Кылмышка шектүү өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган маалда кармалган.

Андан мурда 15-январда Пермь шаарында эки өспүрүм бычак менен төртүнчү класстын окуучуларына кол салган. Анда 15тей адам жабыркаган. Кол салгандар соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

XS
SM
MD
LG