Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

№1 тергөө абагын көчүрүүгө каражат табылбай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 тергөө абагын башка жакка которуу маселеси каражаттын жоктугунан улам чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында маалымат берип жатып Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалай Жапаров билдирди.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Бишкектин башкы планына ылайык тергөө абагы жайгашкан тилке аркылуу автожол өтүшү керек экенин, бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу аны башка жакка көчүрүү долбоору ишке ашпай жатканын айтты. Жапаровдун айтымында, былтыр өкмөттө атайын жумуш тобу түзүлгөн.

Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, абак Бишкек шаары жаңыдан курулуп жаткан жылдары, бул аймак калаанын эң чети болуп турган кезде салынган. Азыр бул жер шаардын дээрлик борбордук бөлүгүнө кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG