Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Виктор Ан менен Антон Шипулин Олимпиадага катышпайт


Кыска аралыкка коньки тебүү боюнча Олимпиада чемпиону (шорт- трекчи) Виктор Ан.
Кыска аралыкка коньки тебүү боюнча Олимпиада чемпиону (шорт- трекчи) Виктор Ан.

Орусиялык кыска аралыкка коньки тебүү боюнча Олимпиада чемпиону (шорт- трекчи) Виктор Ан, биатлончу Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов Пхёнчханда өтө турган кышкы Олимп оюндарына катышпайт.

Бул тууралуу 22-январда Эл аралык Олимпиада комитети оюндарга катыша турган орусиялык спортчулардын тизмесин жарыялаганда маалым болду. Ал тизмеде бул үч спортчу болгон эмес.

Бул маалыматты Орусиянын Олимпиада комитети да ырастап, бирок спортчулар кайсы негизде катышпай калганы белгисиз экенин билдирди. Комитеттин биринчи вице-президенти Станислав Поздняков аталган спортчулар эч кандай допинг чуусуна мурда-кийин аралашпаганын айтып, буга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетине расмий кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Түштүк Кореяда туулуп-өскөн Ан өз мекени үчүн Турин Олимпиадасында үч алтын медаль уткан. 2011-жылы Орусиянын курама командасына өтүп, Сочиде дагы үч алтын медаль алган болчу. Эл аралык Олимпиада комитети дал ошол Сочиде жана башка да спорт мелдештеринде допинг колдонгон деп, Орусиянын курама командасын Пхенчхан Олимпиадасынан четтеткен.

Кызытма колдонбогону далилденгендерине оюндарга бейтарап туунун алдында катышууга уруксат берилген. Анткен менен Эл аралык Олимпиада комитети "кызытма колдонгон эмес" деген 500 спортчунун тизмесин да 389га чейин белгисиз себептерден улам кыскартып салды.

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары 9-февралда башталат.

XS
SM
MD
LG