Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Жаза кызматы: "Кылмыш тобунун мүчөсү" деп расмий аныкталгандар дээрлик жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстанда "кримчөйрөнүн активдүү мүчөсү" атыккандар абактан эрте эле бошонуп кетип жатканы тууралуу сындарга жооп кайтарды.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, кылмышка шектүү жаран уюшма топтун мүчөсү экенин милиция да, соттор да так далилдеп бербегендиктен аларга катардагы кылмышкерлер сыяктуу мамиле жасалууда.

“Эгерде милиция ошондой берене коюп, далилдеп берсе, биз аларды шарттуу түрдө бошото албайт болчубуз” дейт Сабатарова.

- Кийинки убакта "уюшма кылмыш топторунун мүчөлөрү бошонуп кетүүдө" деген сөз көп болуп жатат. Кайсы бир адамдар кармалганда же тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатканда "ОПГнын (уюшма кылмыш топторунун) жигердүү мүчөсү кармалды" деп айтылат. Бирок тергөө органдары да, сот да аларга ошондой “жарлык” такпагандан кийин расмий түрдө тастыкталгандар дээрлик жок. Ошондуктан биз баарын катардагы жаран катары кароого аргасызбыз, - деди Сабатарова.

Анын айтымында, 19-январда жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөп бүткөн Самарбек Жолдошев аттуу жаран жатак абакка чыгарылды.

Жолдошев кримчөйрөдө "Дөө" деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун "оң колу" атыккан. Ал 2016-жылы бир нече берене менен айыпталып, он жылга кесилген. Ага чейин Чыңгыз Жумагулов өзү да мөөнөтүнөн мурда бошогон.

Милиция кызматкерлери уюшма кылмыш топторунун айынан өлкөдө криминогендик кырдаал оор экенин, алар кармалганы менен кийин абактан тез эле бошонуп кетип жатканын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG