Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

Ноокатта тойканадагы өрттөн адамдар жабыркаган жок


"Алым-Ата" тойканасы өрттөнүп жаткан кези. 23-январь, 2018-жыл (Сүрөт ӨКМге таандык).
"Алым-Ата" тойканасы өрттөнүп жаткан кези. 23-январь, 2018-жыл (Сүрөт ӨКМге таандык).

Бүгүн, 23-январда саат 17:30дар чамасында башталган өрт тойкананын көпчүлүк бөлүгүн жалмаган. Күбөлөрдүн айтуусунда, өрттөн кишилер жабыркаган жок, бирок ресторан ичиндеги эмеректер, музыкалык аппаратуралар күйүп кеткен. Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча өрт тууралуу 17:55те маалымат келип түшкөн. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө эки атайын техника жиберилген жана учурда өрттү өчүрүү уланууда.

Өрттүн кесепетинен жабыр тартып, ооруканага жана тез жардам бөлүмүнө кайрылгандар болгон жок. Учурда келтирилген чыгым такталууда.

Өрттөнгөн "Алым-Ата" тойканасы Ош-Баткен жолунун боюнда жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG