Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Өзбекстан: ымыркайдын денесинен 16 ийне табылды


Баланын денесинен алынган ийнелер.
Баланын денесинен алынган ийнелер.

Өзбекстандын Фергана облусунда 11 айлык ымыркайдын денесинен дарыгерлер 16 ийне табышкан. Бул тууралуу Орусиянын "РИА-Новости" агенттиги дүйшөмбүдө өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, наристенин денесиндеги ийнелер аныкталары менен ага Ташкенттеги Республикалык тез жардам илимий борборунда операция жасалган.

Борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы, профессор Хабибулла Акимов белгилегендей, тогуз саатка созулган операция маалында 13 ийне алынган. Ымыркайдын жаш курагынан улам дагы үч ийнени алуу кийинкиге калтырылган.

Маалым болгондой, ийнелер баланын денесине бир-бир жарым ай мурда кирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүнөн табылганына байланыштуу ал өзү 16 ийнени жутуп алмак эмес. Укук коргоо органдары бул факт боюнча териштирүү ишин баштады.

XS
SM
MD
LG