Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Орусияда "Сталиндин өлүмү" тасмасы көрсөтүлбөйт


QUIZ - Josif Vissarionovich Dzhugashvili, Stalin. Absolute ruler of the Soviet Union and leader of the communist world since the advent of the position of Secretary General of the Communist Party in 1922 until his death in 1953.
QUIZ - Josif Vissarionovich Dzhugashvili, Stalin. Absolute ruler of the Soviet Union and leader of the communist world since the advent of the position of Secretary General of the Communist Party in 1922 until his death in 1953.

Орусиянын Маданият министрлиги 23-январда режиссер Армандо Ианнуччинин "Сталиндин өлүмү" деп аталган фильминин өлкө аймагында көрсөтүлүшүнө уруксат берген чечимин кайра артка чакыртып алды.

Мурдараак Маданият министрлигинин юристтер тобу мекеменин башчысы Владимир Мединскийди фильмде байкалды делген экстремизм белгилеринен улам анын өлкө аймагына көрсөтүлүшүнө тыюу салууга чакырган.

"Юристтердин кайрылуусунан" кийин министрликтин Коомдук кеңеши фильмди кайра көрүп чыгып, жогорудагыдай чечим кабыл алды.

Министрлик "Сталиндин өлүмү" фильмин прокатка чыгаруу боюнча күбөлүктү 17-январда берген. 25-январдан тарта фильм Москванын отуздай кинотеатрларында көрсөтүлүп баштамак. Бир күн мурда тасманы көрсөтүүдөн Екатеринбург шаарынын кинотеатрлары баш тарткан.

"Сталиндин өлүмү" деп аталган британиялык сатиралык комедиянын дүйнөлүк премьерасы 2017-жылдын сентябрь айында Лондондо өткөн. Анда 1953-жылы Иосиф Сталин көз жумгандан кийинки СССРдеги бийлик талаш баяндалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG