Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

АКШнын Кентукки штатында өспүрүмдүн огунан эки бала набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Штаттын Бентон шаарчасында он беш жаштагы өспүрүм классташтарын аткылаган. Кентуккинин губернатору Мэтт Бевин атайын чакырылган маалымат жыйынында билдиргени боюнча, кол салуудан улам 15 жаштагы кыз окуя болгон жерден жан берип, бир бала алган жараатынан ооруканада көз жумган. Жалпысынан 17 киши жабыркап, 15 окуучуга ок тийген.

Ок аткан окуучу кармалды. Азырынча аны мындай жосунга эмне түрткөнү белгисиз. Полициянын маалыматы боюнча, ок аткан өспүрүмгө адам өмүрүнө кол салуу жана киши өлтүрүү боюнча айыптар тагылышы ыктымал.

2013-жылдан бери АКШнын мектептеринде курал колдонулган 283 зомбулук катталган.

XS
SM
MD
LG