Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Токтогулда хорсбол боюнча чемпионат болот


Кыргызстандык жана франциялык хорсболчулар. 2011-жыл.
Кыргызстандык жана франциялык хорсболчулар. 2011-жыл.

Оюн Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 25-январь күнү болот. Ага катышуу үчүн Франциядан спортчулар 23-январда келип, жергиликтүү эл, мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Хорсбол оюну боюнча беттешке жергиликтүү беш команда катышат. Жеңип чыккан команда француз спортчулары менен беттешет. Чемпионат Кыргызстандагы хорсбол федерациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар берилет.

Кыргызстандын хорсбол федерациясы 2011-жылы ачылган. Аны Эл аралык хорсбол федерациясы расмий түрдө таанып, катарына мүчө катары кабыл алган.

Хорсбол - көкбөрү сыяктуу ат үстүндө команда менен ойнолчу оюн. Бул оюн 30 жыл мурун Франциянын Бордо шаарында пайда болуп, кийинчерээк дүйнө жүзүнө тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG