Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:28

Жерди трансформациялоону талап кылгандар кайра акцияга чыгышты


Бишкектеги нааразылык акциясы. 24-январь, 2018-жыл.

Бишкекте Ак үйдүн алдында “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө” мыйзамга байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жатат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акцияга Сокулук, Аламүдүн райондорундагы, Бишкек шаарынын чет-жакасындагы жаңы конуштардан элүүдөй киши чогулган.

Алар бул мыйзам долбоорундагы айыл чарба багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу тууралуу пунктту алып салууну талап кылышууда. Акциянын уюштуруучулардын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору Бекназар Айталиев "мыйзамдын негизинде Кыргызстанда 2009-жылга чейин берилген тилкелердин баары трансформация болушу керек" деп билдирүүдө. Нааразы тарап өткөн аптада да Ак үйдүн алдына чыккан.

Жердин трансформациясы боюнча мыйзам долбоору былтыр парламентте үч окууда тең жактырылган. Андан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага кол коюудан баш тарткан. Ал мыйзамды артка кайтарып, төрт каршы пикир бар экенин айткан. Документти парламент 25-январдагы жалпы жыйында караганы турат.

Кыргызстанда 32 райондогу 217 айыл аймагында 1983-2009-жылдары жалпысынан 13 миң гектар жерде 38 миң үй курулган. Ал эми жалпы берилген тилкелердин саны 42 миңге жакын экени айтылып жүрөт. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG