Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Ооганстанда "Save the Children" эл аралык уюмуна кол салынды


Уюмга кол салуу учуру. 24-январь, 2018-жыл.
Уюмга кол салуу учуру. 24-январь, 2018-жыл.

Ооганстандын Жалалабад шаарында "Save the Children" эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салуу болуп, кеминде 11 киши жабыркады. Бүгүн эртең менен жанкечти регионалдык кеңсенин жанында дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Андан кийин имаратка куралчан адамдар кирип барып, коопсуздук кызматкерлери менен атыша кетишкен. "Талибандын" маалымат өкүлү чабуулга кыймылдын тиешеси жок экенин айтты.

20-январда талиб согушкерлери Кабулдагы кымбат мейманканага кол салышканда кеминде 30 киши, арасында 14 чет өлкөлүк жаран мерт болгон. 2014-жылы НАТО аскерлеринин басымдуу бөлүгү өлкөдөн чыгарылгандан кийин Батыш колдогон ооган өкмөтү "Талибандын" жана башка топтордун жоочулары менен күрөшүп келатат.

Балдардын саламаттыгын сактоо, билим берүү, балдарды коргоо иштери менен алектенген "Save the Children" - Ооганстандагы чоң гуманитардык уюмдарынын бири.

XS
SM
MD
LG