Улуттук консерваториянын окутуучусу Марина Шипулина "Nazarnews.kg" сайтын сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди:
- Биз азыр "Nazarnews.kg" сайтына чыккан маалымат боюнча бардык документтерди, скриндерди чогултуп жатабыз. Такталбаган маалыматты жарыялаганы үчүн аларды сөзсүз сотко беребиз, - деди Шипулина.
Бир нече күндөн бери Интернетте порнографиялык мүнөздөгү сүрөт тарап, андагы аял Шипулина экени, бул үчүн аны ишинен убактылуу четтетишкени айтылып жатат.
Кечээ Шипулина өзү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, ал тасмага эч кандай тиешеси жок экенин, мурдагы таанышы өч алыш үчүн ушундай ыкма менен каралап жатканын айтып чыкты.
“Азаттык” "Nazarnews.kg" сайтынын жетекчиси Гүлжан Шерипбаева менен байланышканда ал Шипулина тууралуу маалымат редакцияга кат түрүндө окурмандардан келип түшкөнүн жана эгер сот болсо далилдерди келтирүүгө даяр экенин билдирди:
- Окурмандын катын гана чыгарганбыз. Бизде азыр колубузда ал тууралуу 58 сүрөт жана 21 мүнөттүк видео турат, - деди ал.
Шерипбаеванын айтымында, Шипулина тууралуу маалымат сайтка 22-январда чыккан, бирок кийин алынып салынган. (ZA)