25-январда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -11...-16, күндүз -7...-12,
Таласта түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-4;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -13...-18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -9...-14;
Бишкекте кар жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы -8…-10°.