Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

UFC спортчусу Нурмагомедов Бишкекте күйөрмандары менен жолукту


Хабиб Нурмагомедов.
Хабиб Нурмагомедов.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен келген орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекте күйөрмандары менен жолукту.

Жолугушууга дээрлик үч миңге жакын адам келген. Анда Нурмагомедов журналисттердин жана чогулгандардын айрым суроолоруна жооп берди. Мушкер менен кошо Кыргызстанга анын машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов да келген.

29 жаштагы спортчу UFC уюмунун рейтингинде америкалык Тони Фергюсондон кийин экинчи орунда турат. Ал өз карьерасында 25 жолу профессионалдуу таймашка катышып, бир да жолу жеңилген эмес.

"Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып ал Тони Фергюсон менен таймаш 7-апрелде АКШда өтөрүн айтты. Буга чейин спорт күйөрмандары көптөн күткөн бул таймаш Орусияда өтөрү айтылып келген.

Нурмагомедов ошондой эле атагы чыккан мушкер Конор Макгрегор менен беттешүүнү көздөбөй турганын, ал чемпиондун титулун алган соң Макгрегор өзү Нурмагомедов менен таймашууга кызыкчылыгы болорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG