«Ата Мекен» партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу арызынын негизинде лингвистикалык экспертиза өткөрүлүп, жыйынтыгы Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. Ишти кароо качан уланары азырынча белгисиз.
Партиянын юристтери сотко былтыр 9-мартта кайрылышкан. Улуттук илимдер академиясы соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзмөк, бирок алгач бул үчүн тийиштүү филолог эксперт жок экенин айтып чыккан.
Атамбаев былтыр 6-мартта “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде "сасыган", "мародер" деген сөздөрдү колдонгон. "Ата Мекен" партиясы муну өз дарегине айтылды деп билдирип, сотко кайрылган.
Экс-президенттин соттогу өкүлдөрү Атамбаевдин ал сөзүндө “Ата Мекен” тууралуу айтылбаганын жүйө келтиришкен. (KE)