Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Кызылча жугузгандар 12 кишиге жетти, доктурлар сактыкка чакырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доктурлар ата-энелерди кызылчадан этият болууга чакырууда. Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 12 бала кызылча жуктуруп, ооруканага түштү.

Дарыгерлер аларга оору Орусиядан келген эмгек мигранттарынын балдарынан жукканын айтып жатышат.

“Москвада төрөлүп, ошол жакта жашаган бир нече бала ата-энеси менен Жаңы жыл алдында Кыргызстанга келген. Алар көк жөтөл диагнозу менен ооруканада дарыланган. Кызылча ооруканадагы башка балдарга да жуккан” деп билдирди Ишенапысова.

Кызылча жукканда адамдын температурасы көтөрүлүп, денесине кызыл тактар чыга баштайт. Дарыгерлер мындай белгилер пайда болор замат бейтапканага кайрылуу керектигин айтууда.

Илдет дем алганда аба аркылуу, негизинен толук эмделбегендерге жугат. Эмделгендерге жана мурда ооругандарга жукпайт.

Кыргызстандын Улуттук эмдөө календары боюнча балдар кызылчага каршы бир жана алты жашында эмделет. (BCh)

XS
SM
MD
LG