Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосунда кар көчкү алдында калган 38 жаштагы Р. Ашымбаевдин сөөгүн куткаруучулар 24-январда түшкө жуук табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
21-январда Жети-Өгүздүн үч тургуну Көк-Жайык жайлоосундагы Телти тилкесине аң уулап барган учурда кар көчкү түшкөн. Аңчылардын бири Р. Ашымбаевди көчкү басып калып, аны издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары менен кошо элүүдөй жергиликтүү тургун катышты. (ZKo)