Линктер

бейшемби, 22-февраль, 2018 Бишкек убактысы 07:18

Араван райондук сотунун чечими менен 16 жаштагы кыздын таенеси жана кайненеси Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Никеге мажбурлоо") боюнча соттолушту. 11-январдагы сот чечими менен кыздын 57 жаштагы таенеси үч жылга эркинен ажыратылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык бир жылга сыноо мөөнөтүнө шарттуу кесилди. Ал эми кыздын 54 жаштагы кайненеси эки жылдык сыноо мөөнөтүнө шарттуу кесилди. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, сот чечими 21-январда күчүнө кирди:

- Соттун чечимине тараптар апелляциялык арыз жазышкан жок. Жабырлануучу да, айыпкерлер да, прокуратура да кайрылбады. Ошондуктан сот чечими күчүнө кирди.

Бул факты боюнча Араван милициясы төрт кишиге: кыздын таенесине, кайненесине, күйөөсүнө жана нике кыйган молдого кылмыш ишин козгогон. Сот кыздын 19 жаштагы күйөөсүнүн аракетинде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. Ал эми молдо күнөөсү далилденбегени үчүн акталды. Сотто көрсөтмө берген кайнене молдого "кыздын жашы 18ге толгон" деп калп айтып койгонун билдирген. Ал эми 16 жаштагы кыз сотто көрсөтмө бергенде болочок күйөөсү менен никеге турганга чейин эле сүйлөшүп жүрүп, боюна бүтүп калганын, ошондон кийин турмушка чыгып төрөгөнүн айткан.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 18 жашка чейин турмуш кургандардын саны жалпы никеге тургандардын 13 пайызын түзөт.

Бул жыл сайын жети миңдей кыз өспүрүм курагында турмуш босогосун аттайт дегенди билдирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки экинчи орунда. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG