Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берет


А. Шыкмаматов Биринчи май райондук сотунда. Декабрь, 2017-жыл.
А. Шыкмаматов Биринчи май райондук сотунда. Декабрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 23-январда болгон отурумда сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угууга макулдугун берген. Ошондой эле соттун чечими менен процессти видеого тартууга тыюу салынып, ал эми үн жаздырууга уруксат берилди.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду Биринчи май райондук соту 19-декабрда эркиндикте калтыруу менен 5 млн. сом айыппулга жыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган.

Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбеди деп белгилеп, иш саясий негиз менен бийликке кылган каяшасы үчүн козголгонун айтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG