Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Момбеков: Сотторго элдин 90% ишенбейт


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Мындай пикирин бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Рыскелди Момбеков 24-январда Сотторду тандоо кеңешинин талапкерлерин тандоо учурунда билдирди:

- Кезинде Аскар Акаев «сотторго 80 пайыз эл ишенбейт» экен деп чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы соттордун чечимдерине нааразычылык билдиргендер. Бул чындык. Эми 10 миллион жеген аткаминерге бир жарым миллион айыппул салынып, эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион айыппул салынып жатса, каяктагы адилеттикти айтабыз?

Депутат Рыскелди Момбеков Сотторду тандоо кеңешине мурда сот болуп иштегендерди алууга каршылыгын билдирип, аны тоок фермасына түлкүнү жетекчи кылып, карышкырды койчуман кылуу менен салыштырды.

Алмамбет Шыкмаматовду Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрниc уулу соттогон. Ошол эле судья "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду да соттоп, эркинен ажыраткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылган.

Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр биринчи инстанциядагы сотто далилденбегенин белгилеп, иш саясий негиз менен, бийликке кылган каяшасы үчүн козголгонун айтып келет.

Алмамбет Шыкмаматовдун иши азыр Бишкек шаардык сотунда карала баштады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG