Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Vласть: "Сталиндин өлүмү" тасмасы Казакстанда да көрсөтүлбөйт


"Сталиндин өлүмү" тасмасынын постери.
"Сталиндин өлүмү" тасмасынын постери.

Режиссер Армандо Ианнуччинин "Сталиндин өлүмү" аттуу фильмин көрсөтүүдөн өлкөдөгү бардык кинотеатрлар баш тартышкан. Бул тууралуу "Vласть" журналы кино ижарага берүүчү "Вольга" компаниясынын жетекчиси Юлия Фатеевага таянып жазды. Журнал өз булактарына таянып билдиргендей, бир-эки кинотеатр тасманы коюуга макул болуп, бирок кийинчерээк кайра баш тарткан.

Ошол эле учурда "Clique Film Festival" уюму "Фейсбуктагы" баракчасына "тасма Алматыдагы "Арман" кинотеатрында 1-февралда көрсөтүлөт" деп жазууда.

Тасманы кинотеатрларда көрсөтүүгө Орусиянын Маданият министрлиги да тыюу салган. Мекеме мындай чечимин "фильмде экстремизм белгилери бар" деп негиздеген.

"Сталиндин өлүмү" аттуу британиялык сатиралык комедиянын дүйнөлүк бет ачары 2017-жылдын сентябрь айында Лондондо өткөн. Анда 1953-жылы Иосиф Сталин көз жумгандан кийинки СССРдеги бийлик талаш баяндалган.

XS
SM
MD
LG