Бул маселе 24-январда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин катышуусунда Бишкек-Ош жолундагы автоунаа кырсыктары боюнча отурумда көтөрүлдү. Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, вице-премьер-министр акыркы убакта жолдо күйүүчү май ташыган унаалар катышкан кырсыктардын көбөйүшү коомчулуктун тынчын алып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн түштүгүнө күйүүчү майды темир жол аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана бул маселе боюнча Өзбекстан менен кызматташууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
20-январдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир адам каза болуп, эки киши жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча унаада 38 тонна бензин болгон. Автоунаа дарыядан чыгарыла элек.
16-январь күнү ушул эле жолдогу Кара-Көл шаарында "DAF" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада цистернадагы 37 тонна солярканын эки тоннасы төгүлгөн.
13-январь күнү башкы магистралдагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышып, жеңил унаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден мүрт кеткен.
Былтыр октябрь айында “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа менен “Хонда-Фит” жеңил машинеси кагылышып, жеңил автоунаадагы беш киши өрттөнүп кеткен. (ZKo)