Үч күндүк семинарда журналисттер маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда радикализмдин алдын алуу, диний маселелерди туура жана жоопкерчиликтүү чагылдыруу, социалдык тармактардагы фейктердин терс таасири тууралуу маалымат алып, үйрөнүшөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу, «Мутакаллим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы "Азаттыкка" билдирди:
- Журналисттер дин жана радикализм темасында кандай жазууну үйрөнүп, диний жана этикалык маселелерди чагылдыруудагы жоопкерчилик жана бул боюнча социалдык тармактардын таасири тууралуу маалымат ала алышат.
Жамал Фронтбек кызынын айтуусунда, иш-чара уюмдун "Кыздар менен аялдардын тынчтыкты курууга салымы" деген долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, медиа айдыңындагы радикализмдин алдын алуу боюнча 95 журналист окутулат.
Жыл башында Башкы прокуратура тарабынан экстремисттик, террорчул уюмдарга таандык экени сөз болгон жана ушул багыттагы маалыматтарды таратканы айтылган 159 сайттын Кыргызстанда ачылышына бөгөт коюлган. Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган уюмдарга тиешелүү. (ZKo)