Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Бишкекте "Ысык чай бер" аттуу акция башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери үчүн уюштурулган иш-чараны "Биринчи балдар хосписи" уюму жетектеп жатат. Уюмдун жетекчиси Динара Аляеванын соцтармактагы баракчасына жазганы боюнча, акцияга бардык каалоочулар кошула алышат.

"Ысык чай бер" акциясы сууктун күчү кайткыча уланат.

Бул уюм ушундай эле акцияны өткөн жылы да өткөрүп, "Тазалыктын" ызгаарда иштеп жаткан кызматкерлерине ысык чай-кофе беришкен.

Синоптиктер аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, сууктун күчү айрым аймактарда -25…-30° чейин түшөрүн маалымдашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG