Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:48

Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районундагы беш тажик айылдын жашоочулары мугалимдердин жетишсиздигине байланышкан маселесин чечип берүүнү өтүнүп Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттерине ачык кат жазышты.

Кат Өзбекстандагы тажик тилдүү «Овози тожик» гезитинин акыркы санына жарыяланды. Анда 100дөн ашык тургун адискөй мугалимдердин жетишсиздигинен улам тажик мектептери жабылып калуу коркунучуна кабылганына тынчсызданганын билдирген.

Бул Өзбекстандагы тажик диаспорасы эне тилинде билим алуу маселелерин чечип берүүнү өтүнүп эки өлкөнүн бийлигине кайрылган акыркы 25 жылдагы алгачкы учур. Ислам Каримовдун тушунда Өзбекстанда тажик тилдүү мектептер кескин азайып, жогорку окуу жайлардагы тажик тилинде билим берген факультеттер биротоло жабылып калган.

Бостанлык районунун тургундары быйыл жазында Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, тажиктердин өз эне тилинде билим алуу маселесине көңүл бурушат деп үмүттөнүп жатышканын билдиришкен.

Катта ошондой эле Чирчик шаарындагы Педагогикалык институттун алдында тажик тилдүү мектептер үчүн мугалимдерди даярдай турган топторду түзүү өтүнүчү жазылган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мугалимдердин жетишсиздигинен улам райондогу тажик улутундагы жашоочулардын көбү балдарын өзбек тилдүү мектептерге которууга аргасыз болушууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG