Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:02

Сууктан улам бардык мектептерде окуу 30-январга чейин токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.

"Аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулду. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, мындай чечим тиешелүү мыйзамга ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, беш күн билим берген мектептерде окуу программалары ишемби күндөрдүн эсебинен толукталат. Ал эми алты күндүк жадыбал менен иштеген мектептер азыркы эс алуу күндөрүн жазгы каникулда толуктайт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскертти. (NT) ​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG