Бишкек шаарында акын Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган "Мени издесең ырларымдан табасың" аттуу кече өтүп жатат.
Иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган. Ага президенттик аппараттын, өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрү катышып жатат.
Кечеде Эрматовдун чыгармачылыгын баяндаган тасма көрсөтүлдү, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын студенттери, "Нур борбор" чыгармачылык академиясынын мүчөлөрү маркумдун калемине таандык ырларды окуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Ал 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1979-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп, андан кийин "Кыргызстан маданияты" гезитинин адабий кызматкери болуп иштеген. Акын 2010-жылдан тартып Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми 2013-жылдын 29-апрелинен тартып президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болгон. Эгемберди Эрматов 2017-жылдын 23-январында 66 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин көз жумган. (ZA)