Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

Эрдоган Сириядагы операцияны улантууга убада берди


Түркия-Сирия чек арасындагы түрк аскерлери. 24-январь, 2018-жыл.
Түркия-Сирия чек арасындагы түрк аскерлери. 24-январь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти бул тууралуу 24-январда АКШнын президенти Доналд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин айтты.

Трамп болсо сүйлөшүүдө Эрдоганды “түрк жана америкалык күчтөрдүн кагылышуусуна алып барышы мүмкүн болгон чаралардан оолак болууга” чакырган.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерстин билдиргенине караганда, президент Трамп сүйлөшүү учурунда Түркиянын Африндеги операциясы эки тараптын “Ислам мамлекети” тобун жеңүү боюнча орток максаттарына шек келтирип жатканын” белгилеген.

Сириянын түндүк-батышында, күрттөр көзөмөлдөгөн Африн аймагында Түркия “Зайтун бутагы” деп атаган операция 20-январда башталган.

Операцияга аскердик учактар, танктар, артиллерия тартылып, түрк аскерлерине Сириядан аларга өнөктөш болгон козголоңчулар колдоо көргөзүүдө.

Түрк премьери Биналы Йылдырым мурдараак бул жолку операциянын максаты - Сириянын ичинде 30 чакырымдык коопсуздук тилкесин түзүү экенин маалымдаган.

Ал эми президент Эрдогандын буга чейинки сөздөрүнө караганда, операция Афринден кийин Манбижде да улантылат.

Бул шаарды былтыр “Ислам мамлекети” тобунан АКШ колдогон күрт күчтөрү бошоткон.

Германиянын ДПА агенттиги Сириядагы күрт расмий адамдарына шилтеме берип кабарлагандай, Манбижде азыр да АКШ аскерлери турат.

Андыктан ал жерге Түркия аскерлери келген шартта НАТОдогу өнөктөш күчтөрдүн капыстан кагылышуу коркунучу бар.

Түркиянын Сириядагы азыркы операциясына НАТОдогу АКШдан башка өнөктөштөрү да тынчыздануу билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG