Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:39

АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизди


Ким Чен Ын студенттер менен. Пхеньян, 17-январь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги жарыялаган жаңы тизмеде Түндүк Кореянын компаниялары менен банктарынын көбүнчө Кытайда жана Орусияда жайгашкан он өкүлү, жүк ташуучу беш компаниясы, алты кемеси, ошондой эле Кытайдын эки соода фирмасы бар.

АКШнын санкциясына ылайык америкалык жарандар жана компаниялар алар менен кызматташа албайт.

Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин өз билдирүүсүндө алар “Ким Чен Ындын режимин жана анын өзөктүк программасын каржылаган жеке адамдар менен ишканаларды, ага катар санкцияларды буйтап өтүү схемаларына катышкан кызмат адамдарын системалуу түрдө бутага алып жатышканын" белгиледи.

Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолку атуу учурунда 23 ракетасын сынады.

Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларын акыркы ирет былтыр 22-декабрда күчөткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG