Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Жапон деңизинде орус кемеси жоголду


Орусиялык балык уулоочу кеме. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык балык уулоочу кеме. Иллюстрациялык сүрөт.

Балыкчылардын “Восток” кемеси Жапон деңизиндеги катуу шамал учурунда жоголгон.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин Приморск крайы боюнча башкармалыгы билдиргендей, кеменин бортунда 21 киши болгон жана алардын баары Сахалиндин жашоочулары.

Кеме Түштүк Кореядагы Донхэ портунан Сахалинге келе жаткан.

Жоголгон кемени издөөгө чек арачылардын кемеси жана Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо министрликтеринин тик учактары жөнөтүлгөнү кабарланды. (UE)

XS
SM
MD
LG