Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Орусияда полиция шайлоо алдындагы акциялар боюнча эскертүү берди


Алексей Навальныйдын жактоочуларынын Санкт-Петербургдагы митинги. 24-декабрь, 2017-жыл.
Алексей Навальныйдын жактоочуларынын Санкт-Петербургдагы митинги. 24-декабрь, 2017-жыл.

Бүгүнкү эскертүү оппозиция лидери Алексей Навальный 18-марттагы президенттик шайлоону бойкот кылуу чакырыгын колдоо максатында бүт Орусия боюнча демонстрация өткөрүүнү пландаган күндөн үч күн мурун берилди.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой Москвадагы бүгүнкү жыйында “эгер ал демонстрациялар учурунда мыйзам бузулса толугу менен катаал чара көрүлөрүн” эскерткен.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын өзүнүн алдыдагы шайлоого талапкер катары катышуусуна тыюу салынган.

Ал саясий өнөктүктү президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” катары мүнөздөп, буга чейин орусиялыктарды 18-марттагы добуш берүүгө келбөөгө үндөгөн.

Навальный жана анын жактоочулары бойкот чакырыгына колдоо алыш үчүн Орусиянын ондогон шаарларында 28-январда митинг өткөрүүнү көздөп жатышат.

Орусия полициясы Навальный уюштурган нааразылык акцияларын такай күчкө салып таратып келген.

2017-жылдын 26-мартында 100дөй шаарда өткөн демонстрациялар учурунда Москванын өзүнөн эле 1000ден ашуун киши кармалган. (UE)

XS
SM
MD
LG