Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Катуу сууктан электр тармактары жана жылуулук системасы бузулушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго маалымат берип жатып билдирди.

Президент Жээнбеков 25-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, күтүлүп жаткан суукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдык тууралуу андан маалымат алды.

Президент ашуулардагы, алыскы тоолуу аймактардагы жана өлкөнүн негизги жолдорундагы абал аба ырайына карабастан ар дайым Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө болушу керек экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле министрге кар эригенче чоң дарыялардын тосмолорун бекитип, күн жылыганча айыл-кыштактардын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин баштоону тапшырды.

Министр Кубатбек Боронов күтүлүп жаткан суук тууралуу жалпы элге чукул эскертүү таратылганын, бул суук Орусия жана Казакстан тараптан келе жаткан циклон экенин айтып, ызгаар бир жума же андан ашыгыраак убакыт кармаларын билдирди. Бороновдун айтымында, аба ырайынын чукул өзгөрүшүнө жарандык коргоонун бардык кызматтары даяр. Министрдин президентке берген маалыматы боюнча, катуу сууктан электр тармактары, от казандар, жылуулук трассалары иштен чыгышы мүмкүн. "Бирок тез арада анын кесепеттерин жоюуга мүмкүнчүлүк бар" деди Боронов.

Жолугушуу тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Синоптиктер 26-29-январь күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, сууктун күчү айрым аймактарда -25…-30° чейин жетерин маалымдашууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG