Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Камыт Савай: Бир казанда эки блоггердин башы... кантет?


"Күлкү кербендин” коногу – Фейсбук коомдук тармагы аркылуу азилдерин жазып, элди жылмайтып жүргөн Камыт Савай.

* * * * * * *

— Бир казанда эки блоггердин башы кайнабайт.

—- Жигитке 70 интернет сайт аздык кылат.

— Ашыкпаган интернет менен сүйгөнүнө жетиптир.

—- Билимиң болсо бир «лайк» (“жактыруу”) аласың, билегиң менен көрктүү денең болсо миң «лайк» аласың.

—- Аалам айылдагы wi-fi’дан башталат.

— Жыгылсам Iphone’ум сынгыча, белим сынсын!

—- Атанын ойу балада, баланын ойу WhatsApp’та.

— Жүз досуң болгуча, интернет барагыңа жүз миң бейтааныш жазылсын.

—- Администратордун (Фейсбук тобунун башчысынын) өз эрки, топко эмне чыгарса!..

—- Тамагы желбей калса калсын, бирок сүрөтү Инстаграммды жарсын!

—- Жаман кыз-жигит түнкү клубда кутурат, жакшы кыз-жигит тыпыйып үйүндө Фейсбукта олтурат.

—- Эр жигит бир «коммент» менен эки сайтты «атыптыр».

Камыт Савай мырза. 2017.
Камыт Савай мырза. 2017.

* * * * * * *

— Элек издеп, интернетте “эрге тийип” кетиптир.

—- Адам болуу аста-аста, Фейсбук «жылдызы» болуу бир паста!..

— Фейсбукта кыздар бүт эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат?

— Фейсбукта сылык эле жигит эле, андан чыкса былык экен.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG