Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

"Кыямат саатынын" жебеси жарым мүнөт алдыга жылдырылды


"Bulletin of Atomic Scientists" журналынын редколлегия мүчөсү Лауренс Краусс "Кыямат сааты" менен.
"Bulletin of Atomic Scientists" журналынын редколлегия мүчөсү Лауренс Краусс "Кыямат сааты" менен.

Өзөктүк алаамат коркунучун көрсөтүп, символдуу түрдө жасалган "Кыямат сааты" алдыга жылдырылды. "Атомчу окумуштуулардын бюллетени" (Bulletin of Atomic Scientists) деп аталган журнал жазгандай, мындай чечим Жер планетасында өзөктүк курал жайыла баштаганына байланыштуу кабыл алынган.

Жылдырылгандан кийин "Кыямат саатынын" жебеси 23:58ди көрсөтүп турат же өзөктүк апаат түнүнө 2 мүнөт калды дегенди түшүндүрөт.

Өзөктүк алааматка карай символдуу түрдө саат саноо 1947-жылдан бери иштеп келатат. Бул убакытта "саат жебелери" жыйырмадан ашуун жолу жылдырылган. Ушундай эле убакыт 1953-жылы биринчи жолу суутек бомбасы сыналганда белгиленген.

"Кыямат сааты" артка да жылат. 1991-жылы сааттын жебеси "кансыз согуштун" бүткөнүнө байланыштуу артка жылган. Ал мезгилде адамзатын өзөктүк алаамат түнүнөн 17 мүнөт бөлүп турган. Бул "Кыямат саатындагы" эң узак убакыт.

"Кыямат сааты" Чикаго университетинин "Атомчу окумуштууларынын бюллетени" деп аталган журналы тарабынан түзүлгөн.

Андагы жебени жылдыруу чечимин журналдын директорлор кеңеши арасында Нобел сыйлыгынын 18 лауреаты бар эксперттердин катышуусунда кабыл алат.

XS
SM
MD
LG