Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бишкекте үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берилүүдө


Бишкектеги бала. 17-сентябрь, 2015-жыл.
Бишкектеги бала. 17-сентябрь, 2015-жыл.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, сууктун күчөгөнүнө байланыштуу бардык райондордо үй-жайсыз адамдарга убактылуу башкалка берүүчү түйүндөр иштеп жатат.

Биринчи май районунда "Коломто" борборунда үй-жайсыздарга ысык тамак, баш паанек берилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Ленин районунда жаш баласы бар аялдар үчүн "Кайрымдуулук борбору" иштеп жатат. Учурда ал жерде 38 адам бар, алардын ичинен 18и балдар.

Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш паанек жайлары ачылып, иштеп жатканын, ал жердеги адамдарга күнүнө бир жолу ысык тамак берилип, жумасына бир жолу медициналык текшерүү жүргүзүлүп турганын Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG