Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук териштирүү башталды


Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу учуру. 9-октябрь, 2017-жыл.
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу учуру. 9-октябрь, 2017-жыл.

Иш Москва райондук сотунда каралып жатат. 25-январдагы отурумда соттолуп жаткан 25 жаштагы Афтандил Таалайбек уулу күнөөсүн мойнуна аларын, 2 млн. 127 миң сом чыгымды төлөй албасын айтты. Айдоочу жүк ташуучу унаа айдоого укук берген айдоочулук Е категориясын кырсыкка чейин төрт ай мурда алганы белгилүү болду.

Кийинки соттук териштирүү 30-январга белгиленди. Анда эксперт көрсөтмө берип, жарыш сөз сүйлөнөт. Бул тууралуу Жогорку соттун өкүлдөрү маалымдашты.

38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдыбар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Ал отурган "Тойота -Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып бараткан "КамАЗ" автомашинасы менен кагылышып, натыйжада Темир Жумакадыров жанындагы жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов менен кошо каза тапкан.

Жол кырсыгына күнөөлүү экени айтылган "КамАЗдын" айдоочусуна кылмыш иши козголуп, ал тергөө абагына камалган.

Жумакадыров президенттик шайлоого Талас облусунун даярдыгын текшериш үчүн бараткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG