Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Жаштарды колдогон "Жашстан" долбоору тренинг өткөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөгөн "Жашстан" долбоору 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагылар үчүн лидерликти өнүктүрүү боюнча жыйынтыктоочу тренингин өткөрөт.

Иш-чара 26-январдан 28ине чейин Бишкекте «Жаш Ниет» жана «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмелери тарабынан уюштурулат.

Эл аралык "Search for common ground" ("Жалпы кызыкчылыктарды издөө") уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт.

“Жашстан” долбоорун «Кыргызстанда жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюму Мамлекеттик жаштар, дене тарбия, спорт агенттиги менен өнөктөштүктө жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG