Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:39

Кенекеев: Быйыл 150 айылда таза суу маселеси чечилет


Кыргызстандагы айылдардын бири. (Архивдик сүрөт).
Кыргызстандагы айылдардын бири. (Архивдик сүрөт).

Кыргызстанда 650дөн ашык калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев 25-январда Жогорку Кеңештеги талкууда негизинен мурда курулуштар башталып, бирок каржынын тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдарда иш аягына чыгарыларын билдирди. Анын айтымында, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тыштан инвестиция тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Ага жалпы 24 миллиард сом зарыл.

Парламент кечээ "Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө” былтыр 23-ноябрда берилген тапшырманын аткарылышын талкуулап, депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт өкүлдөрү жооп беришти.

Өкмөт Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги - АРИС менен кошо "Ала-Тоо булагы" деп аталган долбоорду өткөн аптада жарыялаган. Ал "Таза суу" долбоорунун ордуна иштей турганы айтылган.

2001-жылы башталган “Таза суу” долбоору​нун биринчи этабы 2009-жылы жыйынтыкталып, 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген. Бирок долбоорлоо иштеринде, тендер өткөрүүдө, суу түтүктөрүн коюуда коррупцияга жол берилип, миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Ушундан улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп койгон. Бирок ушу кезге чейин кемчилик кетирген бир да ишкана, мекеме же жаран жоопко тартыла элек.

Долбоор 2011-жылга чейин колдон колго өтүп, алгач Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттик, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Суу чарба мамлекеттик комитети көзөмөлдөп турган. 2012-жылы ал АРИС уюмуна өткөн. Аталган уюм долбоор 2014-жылы ийгиликтүү аяктагандыктан, эл аралык донорлор Кыргызстанга ишенип, акча бөлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстанда жалпысынан 1813 айыл бар. (NT)

XS
SM
MD
LG