Ооганстандын Фарах чөлкөмүнүн губернатору кызматтан кетти. Мохаммад Ареф Шах провинциядагы коопсуздук жаатындагы абал начарлап баратканын, буга айрым саясатчылардын кийлигишүүсү жана коопсуздук күчтөрүндөгү паракорлук себеп болгонун айтты.
Иран менен чек арага жакын жайгашкан Фарах - өлкөнүн эң кедей аймактарынын бири. Бул жакта талиб баңгизат аткезчилери менен коопсуздук аскерлери көп кагылышат.
24-январда аймактын борбору Фарахтын көчөлөрүнө чыккан жүздөгөн киши абал барган сайын кооптуу болуп баратканын айтып, жетекчиликтин кетишин талап кылган. Акция учурунда бир нече киши жарадар болгон. Кээ бир жергиликтүү расмий адамдар Иранды "козголоңчуларды курал-жарак, жардыргыч заттар менен камсыз кылат" деп айыпташат. Иран мындай маалыматты четке кагып келет.