Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Сириядагы согушка катышып келди деген жаран алты жылга кесилди


Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Жалал-Абад шаардык соту 26-январда 32 жаштагы Ниязбек Айдаровду алты жылга эркинен ажыратты. Эки балалуу Айдаров Кылмыш кодексинин 375-беренеси (“Жалданмачылык”) менен күнөөлүү деп табылды.

Улуттук коопсуздук комитети аны "Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан" деген айып менен 2017-жылдын октябрында камакка алган.

Соттолгон кишинин жубайы Хуршида Назимжанова соттун чечимине нааразы. Ал "жолдошум жалган айып менен камалды, соттук териштирүүдө тергөө учурундагы кемчиликтер эске алынган жок" деп "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын "Ниязбек Айдаров Сирияга теңтуштарын да жөнөткөн" деген кинеси туура эмес.

Айдаров Ала-Бука районунун Телман айылынын тургуну. Сузактагы “Имам-Азам” медресесин аяктаган. 2012-2013-жылдары Түркиянын Стамбул шаарына барып иштеп, кайра депортация болуп келген. ​Кыргызстандын атайын кызматы ал Түркиядан Сирияга өтүп келгенин айтууда.

УКМКнын маалыматына караганда, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашуун. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.​(RsK/NT)

XS
SM
MD
LG