Түштүк Кореянын Мирян шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн бери дегенде 41 киши каза тапты. Расмий маалыматтарда 50дөй киши жарадар болгону айтылууда.
Өрт беш кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы тез жардам бөлмөсүндө башталган. Дарыгерлер каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтып жатышат. Полиция өрт чыкканда имаратта 200гө чукул киши бар болгонун билдирди.
Мирян борбор шаар Сеулдан 300дөй чакырым алыс жайгашкан.