Түндүк Корея БУУнун санкцияларына карабай Орусияны транзит катары пайдаланып көмүр менен соода кылып келген. Бул тууралуу европалык тыңчыларга шилтеме берүү менен "Reuters" агенттиги маалымдайт. Алардын айтымында, былтыр коммунисттик Корея Орусиянын Находка жана Холмс портторуна кеминде үч жолу көмүр жөнөткөн. Андан ары жүк Түштүк Кореяга жана Жапонияга жеткирилип турган. Августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын баллистикалык ракета сыноолоруна жооп катары көмүрдү экспорттоого тыюу салган.
"Reuters" Орусиянын Тышкы иштер министрлиги комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп бербегенин жазат. Ал эми орус депутаттары агенттиктин маалыматын сынга алышты. Кремлчил мыйзам чыгаруучу Франц Клинцевич муну Орусияга каршы “маалымат согушунун” бир бөлүгү жана “кутум теориясы” деп атады.
Өткөн ноябрда Орусиянын Улуттар Уюмундагы миссиясы Москва Пхеньянга каршы санкцияларды урматтап жатканын бидирген.