Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:56

Кыргызстандагы үч айылдын аталышы кыргызчаланды


Кыргызстандагы айылдардын бири. Кочкор району.
Кыргызстандагы айылдардын бири. Кочкор району.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы Боз-Учук, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы Орто-Сай, Фрунзе айылы Жыгач-Коргон деп өзгөртүлдү.

Тиешелүү мыйзамга бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр 21-декабрда кабыл алган. Ал бул айылдардын аталыштарын өзгөртүп, мыйзамдаштырууга жана аларга тарыхый аттарын кайтарып берүүгө багытталганы айтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG