Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Бишкекте АКШнын жаранын тоноп кетишти


Бишкек шаары. 2014-жыл (архивдик сүрөт).
Бишкек шаары. 2014-жыл (архивдик сүрөт).

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына АКШнын жараны арыз менен кайрылып, 24-январдын түнүндө Медеров жана Элебаев көчөлөрү кесилишкен аймакта эки киши күч колдонуп, жети миң сом салынган капчыгын тартып алышканын айткан.

Издөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү деген 22 жаштагы жаран кармалып, убактылуу жайга камалды. Экинчисин издөө уланууда.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине ылайык ("Карактоо") кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кыргызстанда чет элдик жарандарды тоногон учурлар маал-маалы менен катталып турат.

XS
SM
MD
LG