Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Украинада жикчилдердин катарында согушкан орус жараны 6 жылга кесилди


Виктор Агеевдин үстүнөн болгон сот процесси.
Виктор Агеевдин үстүнөн болгон сот процесси.

Украин аскерлери туткунга алган орусиялык жаран он жылга абакка кесилди. Сот Виктор Агеевди терроризм жана мыйзамсыз курал алып жүрүү үчүн күнөөлүү деп тапты. Украин бийлиги аны былтыр июндун аягында Луганск аймагында жүрүп жаткан салгылашуу учурунда кармаганын билдирген. Ошол кармашта орусиячыл эки жикчил жана орус армиясынын офицери жок кылынганы айтылган.

Бир нече күндөн кийин Агеев теле билдирүүдө туткундалганда Орусиянын куралдуу күчтөрүндө контракт менен кызмат өтөп жатканын айткан. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Агеев кармалганда армияда кызмат өтөбөгөнүн билдирген.

Киевдин жана Батыштын далилдерине карабай, Москва кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилдерди курал-жарак менен камсыздап, машыктырып жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келатат. 2014-жылдан бери уланып келаткан жаңжалда 10 300дөй киши каза болду.

Буга чейин жикчилердин катарында согушкан эки орус жараны 14 жылга эркинен ажыратылган. Бирок алар кийин украиналык учкуч Надежда Савченкого айырбаштоо тууралуу макулдашуунун негизинде мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG