Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Трамп: Дүйнө кайрадан кубаттуу Америкага күбө болууда


Президент Дональд Трамп Давосто Дүйнөлүк Экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө АКШ “бизнес алып барууга ачык” деди.

"Дүйнө кубаттуу жана бакубат Американын кайра жаралып жатышына күбө болууда. Америка кайрадан бизнес жүргүзүүгө ачык, биз кайрадан атаандаштыкка жөндөмдүүбүз. Өнүккөн Кошмо Штаттар дүйнөнүн да кызыкчылыгына жооп берет. Соода адилет жана бардык тараптарга пайда алып келген негизде жүргүзүлүүгө тийиш, Вашингтон соода эрежелерин сактайт", - деп айтты Трамп.

"Адегенде Америка" деген ураан менен бийликке келген Трамп бир жыл мурун кызматына расмий киришкен.

Геосаясий маселелерге кайрылып, АКШ лидери анын өлкөсү Ирандын ядролук куралга ээ болуусун алдына алуу аракеттерин улантарын белгиледи:

- Биз мурдагыдай эле өнөктөштөрүбүздү Ирандын террорчуларды колдоосуна каршы турууга, ядролук куралга ээ болуусуна бөгөт коюуга үндөйбүз. Ошондой эле "Ислам мамлекети” террордук уюму өңдүү террорчу жихадчыларды жок кылуунун үстүнөн союздаштар менен бирге иштеп келатабыз.

Ошондой эле Трамп АКШ Ооганстандын эч качан кайрадан террорчулар башпааналаган жерге айланышына жол бербөөнүн үстүнөн иштей турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG