Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Ооганстанда ракета соккусунан алты бала набыт болду


Ооганстандын Газни провинциясында ракета жайкын тургундардын үйүнө тийип, алты бала жана бир киши мерт болушту. Бийлик жана талип согушкерлери сокку үчүн жоопкерчиликти бири-бирине жүктөштү.

Губернатордун маалымат катчысы Ариф Нури ракета коопсуздук күчтөрү жоочуларга каршы операция баштаганда талиптер тарабынан атылганын билдирди. "Каза тапкан бөбөктөр бир жаштан 12 жашка чейин болчу", - деди Нури. Полиция да соккуну талиптер жасашканын ырастады. Ал эми "Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид бул маалыматты четке кагып, карапайым кишилер өкмөттүк күчтөрдүн аба соккусунан жан таслим болушканын айтты.

XS
SM
MD
LG